Эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктан ажыратууну көздөшүүдө
RU

Эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктан ажыратууну көздөшүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Прокуратура Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды ата-энелик укугунан ажыратуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Д.С.ны энелик укуктан ажыратуу боюнча Араван райондук сотуна доо арыз келтирген. Ал арыз бүгүнкү күндө кароо алдында турат.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда эгиз кыздарын сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тараган. Көп өтпөй Ош облустук милициясы 21 жаштагы келинди кармаган. Ал эми кыздар өз атасына өткөрүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15072