Арча-Бешик конушунда көчөгө ташталган ымыркайда жүрөк кемтиги аныкталды
RU

Арча-Бешик конушунда көчөгө ташталган ымыркайда жүрөк кемтиги аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Арча-Бешик конушунда ташталган ымыркайда жүрөк кемтиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында муниципалитеттин саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, ымыркай учурда Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборунда (балдар үйүндө) жатат.

Белгилесек, 19-ноябрда Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйдүн дарбазасынын жанынан желим баштыкка оролуп, коробкага салынган абалда ымыркай табылган. Буга байланыштуу 20 жаштагы келин кармалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15080