Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому балдарды кызамыкка каршы эмдөөгө чакырат
RU

Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому балдарды кызамыкка каршы эмдөөгө чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2000–2016-жылдар аралыгында кызамыкка каршы эмдөө болжол менен 20,4 миллион өлүмдүн алдын алып, кызамыкка каршы вакцинаны коомдук саламаттыкты сактоодогу эң мыкты эмдөөлөрдүн бирине айлантты.

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын – кызамык, паротит жана кызылчаны алдын алуу үчүн Serum Institute of India Ltd компаниясы чыгарган курама эмдөө колдонулат. Бул эмдөө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тастыкталган жана 70тен ашык өлкөдө, анын ичинде Европада колдонулат.

Эмдөө компоненттери коопсуз жана эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт. Ал тыкыр тестирлөөдөн өтүп, коопсуздугу үчүн дайыма көзөмөлгө алынат. Алар оорунун алдын алууда абдан натыйжалуу жана адам өмүрүн сактап кала алат. Эмдөө инсанды гана эмес, коомду да коргойт: калктын көп пайызы эмдөөдөн өткөндө жалпы иммунитети түзүлөт. Бул медициналык себептерден улам эмдөө ала албагандарды илдеттерден коргоого жардам берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15083