Жасалма доллар менен iPhone 15 сатып алган жаран кармалды
RU

Жасалма доллар менен iPhone 15 сатып алган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрь күнү РИИБге А.О. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш киши андан 1300 долларга iPhone 15 телефонун сатып алып, бирок жасалма акча менен төлөгөнүн айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Ж.К. аттуу шектүү кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча шектүү адамдын аракеттерине кошумча юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15085