Президент: Соодагерлер улам митинг кыла берсе базарларга тышкы башкаруу киргизебиз
RU

Президент: Соодагерлер улам митинг кыла берсе базарларга тышкы башкаруу киргизебиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде базарчылар улам-улам митинг кыла берсе, маселени башка жол менен чече турганын айтты. Ал базарларга Өкмөттүн атынан "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз деп билдирди.

"Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга Өкмөттүн атынан "Кумтөргө" тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз.

Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдакы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик.

Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз аттарына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570тери барлар бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Легализация кылып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик", - деди мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15091