Сүйүнчү! Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
RU

Сүйүнчү! Элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-декабрда аялдардын улуттук баш кийими элечек ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди. Бул тууралуу чечим 2023-жылдын 4-9-декабрында Касане шаарында (Ботсвана) өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 18-сессиясында бир добуштан кабыл алынды, деп билдирет ЮНЕСКОнун басма сөз кызматы.

Быйыл сунушталган 60 номинациянын ичинен "Элечек, кыргыз аялдарынын баш кийими: салттуу билим жана ырым-жырымдар" номинациясы эл аралык эксперттер тарабынан эң мыкты жана мыкты даярдалган деп табылган 18 номинациянын бири аталды.

Бул номинацияны даярдоо боюнча иштерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "Миң Кыял" коомдук фонду, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жүргүздү.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 10-ноябрында Парижде өткөн уюмдун конференциясынын 42-сессиясынын алкагында ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле менен жолугушууда аялдардын салттуу баш кийиминин кыргыз эли үчүн маанисин белгилеп, колдоо көрсөтүүгө үмүттөнөрүн билдирген.

Бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнө жүзүндөгү 705 маданий мурас элементи киргизилген.

Кыргызстандан буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 15 элемент киргизилген: "Манас, Семетей, Сейтек" эпикалык үчилтиги, "Акындардын өнөрү", "Кийизден килем жасоо өнөрү: Ала кийиз, Шырдак", "Боз үйдү тигүү боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр" (Кыргызстан, Казакстан), "Айтыш импровизация өнөрү" (Кыргызстан, Казакстан), "Айтыштын импровизация өнөрү" (Кыргызстан, Казакстан), "Жука нан жасоо маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка" (көп улуттуу номинация), "Нооруз" (көп улуттуу номинация), "Улуттук ат оюну көк-бөрү" ", "Эркектердин "ак калпак" баш кийимин тигүү жана кийүү боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр" ж.б.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15092