Милиция Баткендин Андаракта айылында беш келин өз жанын кыйганын айтты
RU

Милиция Баткендин Андаракта айылында беш келин өз жанын кыйганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында үстүбүздөгү жылы жети аял өз өмүрүнө кол салып, анын бешөө каза болгонун кабарлады. Алардын эң жашы 20, улуусу 43 жашта болгон. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы 6-декабрда маалымдады.

Кыз-келиндердин эмне себептен өз жандарын кыйгандары белгисиз.

Милиция териштирген учурда алардын үйлөрүндө социалдык кыйынчылыктар бар экени жана күйөөлөрү чет жакта иштеп жүргөнү аныкталган.

Кыргызстанда быйыл сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8,5 миң учур катталган. 7,4 миң аялга милиция коргонуу ордерин жазып берген.

Аялдардын коопсуздук индексинде Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15096