Аламүдүндө таксистке эки адам мыкаачылык менен кол салды
RU

Аламүдүндө таксистке эки адам мыкаачылык менен кол салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө такси айдоочусуна эки жүргүнчүсү кол салды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 6-декабрь күнү, 1971-жылы туулган жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн Toyota Echo үлгүсүндөгү унаасын айдап жүргөндө, түнкү саат 00:00 чамасында Луговое айылынан эки адам тоскон. Алар унаага отуруп 500 метрдей жылгандан кийин, бирөөсү айдоочунун сол тарабына бир нече жолу бычак сайып, акчасын жана смартфонун алып качып кетишкен.

Жабырлануучу Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. "Каракчылык" беренеси боюнча иш козголуп, 38 жаштагы О.М. жана 20 жаштагы Ш.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15098