Аскар Салымбеков Дордойдо ижара акы арзандаганын айтты
RU

Аскар Салымбеков Дордойдо ижара акы арзандаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелердин ижара акысы 50-50%га арзандады. Бул тууралуу ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков "Азаттыкка" билдирди.

Жаңы эрежеге ылайык, эми базарларда дүң соода катарындагы жерлердин ижасары эки эсеге арзандайт. Ал эми чекене соода кылгандардын жеринин ижарасы 30 пайызга арзандашы күтүлүүдө.

Аны менен бирге "Дордойдо" реконструкциялоо, байланышты жакшыртуу иштер жүрүп, кошумча тамактануучу жайлар, ажааткана курулат. Салымбеков ошондой эле базарга автобустардын кошумча каттамы ачылаарын билдирди.

Эске салсак, учурда башка базарларда да ижара акысы арзандатылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15111