Садыр Жапаровдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт
RU

Садыр Жапаровдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынды өткөрбөйт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Kaktus.kg сайтына билдирди.

Айтымында, президенттин тыгыз иш графигине байланыштуу маалымат жыйын болбойт.

"Жакында Элдик курултай, региондорго жана чет өлкөлөргө сапарлар, өкмөттүн жыйынтыктоочу отуруму болот. Иш сапарлар учурунда, курултайда жана министрлер кабинетинин жыйынында ЖМКларда жана коомчулукта талкууланып жаткан суроолор көтөрүлүп, жооптор берилет", - деди маалымат катчы.

Белгилесек, жыл сайын президенттер маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип келишет. Бирок былтыртан бери мындай жыйын уюштурула элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15123