12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Шаар тургундары жазуучуну канчалык тааныйт?
RU

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Шаар тургундары жазуучуну канчалык тааныйт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, дүйнөгө аттын кашкасындай белгилүү, кыргыз жазуучусу 95 жашка чыкмак. Залкар жазуучу кыргыздын эл эмес, дүйнө адабиятынын кемибес кенчи. Азыркы муун бул залкарларды билбейт же китеп окубайт деп улуу муундагылар айтып калганы бар. Мындан улам Kaktus редакциясы шаар тургундарынын, алардын арасынан көбүнчө жаштардан Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө сурап көрдү.

Сурамжылдоодон көпчүлүгү залкар жазуучунун чыгармаларын биле турганын, китептерин окуп, жаңыланган тасмаларын да кайталап көрүп жатканын биле алдык. Ошентсе да, Kaktus редакциясы колумнист Абдыкерим Муратовдун Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазган фактыларын сунуштайт.

  • Бала бакчада тарбияланган алгачкы кыргыз балдарынын бири. Атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова түштүктө жашап иштегендигине байланыштуу Чыңгыз 1932-1934-жылдары Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1932-жылдын 8-августунда балдар тарбиячылары менен сүрөткө түшкөн, тарбиялануучулардын көпчүлүк бөлүгү башка улуттан экени көрүнүп турат. Ошонун бири Чыңгыз эле. 1934-1935-жылы Фрунзеге ата-энеси которулуп келгенде дагы балдар бакчасына баруусун улантат. Тагдырдын тамашасын караңыз, ошол бала бакчанын ордунда азыр Раззаков жана Киев көчөсүнүн кесилишинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги турат.
  • Алты жашында интервью берген. 1934-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин ал кездеги жаш кабарчысы Райкан Шүкүрбеков бала бакчага келип, балдар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Чыңгыздан интервью алат. Жаш бала келечекте шофёр болом дейт, ал материал аталган гезитке ошол жылы эле "Чыңгыз шофёр болом дейт" деген ат менен жарыяланган.
  • Алгачкы эмгек акыны котормочулуктан алган. Бир жолу жайлоодо Дон айгыры деп аталган, колхоздун баасы кунсуз бир асыл малы өлүп калат. Ал өлгөн жер уу шиберлүү Уу-Саз деген жайыт эле. Бул окуянын тек-жайын билүү үчүн комиссия келет, ал орус киши экен, кыргызча билбейт, берки жылкычылар түгүл, жайлоодо башка бир адам да орусча айта албайт. Ошондо Айымкан байбиченин небереси орусча билерин эстешип, баланын энесине келишет да, Чыңгыз тилмечтик кылып жанагы келгин айгырдын уу чөп жеп өлгөнүн, бул жердин малы ал чөптү жебей турганын которуп берет. Акт жазылган соң оор жазадан азат болгон жылкычылар козу союп, "сен аябай зээндүү бала экенсиң. Буерде болбогонуңда бу оруска түшүндүрө албай калмак экенбиз. Мынакей, алагой, сага устукан!" деп биринчи эмгек акысына чоң жилик карматышат. Чыңгыз аны сыртта турган достору менен бөлүшүп жейт.
  • Комбайнерге жана трактористке жардамчы болгон. Согуш жылдарында 1942-жылдан тартып мугалим, айыл кеңешине катчы, финагент гана эмес, комбайнерге жана трактористке жардамчы да болуп иштеген.
  • Көп мектептерде ар түрдүү тилдерде окуган жана бир классты "аттап" кеткен. Чыңгыз 1-2-классты Москвада орусча окуган, 1937-жылы Шекерден окуусун кыргызча уланткан, анан Кировкадагы №1 мектепте 6-класска чейин билим алган. 1942-1945-жылдарда окуусун таштап, тылдагы жумуштарга тартылган, 1945-жылдан 7-классты "аттап", 8-орус класска отурган. Сегизди бүтүп Жамбылдагы зооветтехникумдун 2-курсуна кабыл алынган. Бул жерде орус, казак тилдеринде сабак жүрө берген. Ошентип ал тилдерди айкалыштыра үйрөнүп отурган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15126