Бишкекте жолдун ортосунда унаа күйүп кетти. Окуянын чоо-жайы
RU

Бишкекте жолдун ортосунда унаа күйүп кетти. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте жолдун чок ортосунда унаа күйүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болбогонун ИИМден билдиришти.

Министрликтен бул кырсык экенин, анда террордук жардыруунун белгилери жоктугун белгилейт.

Такталгандай, 29 жаштагы Б.К. Mazda Demiо унаасы менен Тыныстанов көчөсүндө бара жаткан. "Ак-Кеме" бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкаган айдоочу жолдун ортосуна токтогон. Андан соң унаадан өрт чыга баштаган.

Өрт өчүрүүчү унаа келгинче окуяга күбө айдоочулар жана жарандар жардам берип, өрттү өчүрүүгө жардам беришкен. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Жабыркагандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15129