Марипов Баткен облусундагы окуялардын жүрүшүндө жаракат алгандардын абалынан кабар алды
RU

Марипов Баткен облусундагы окуялардын жүрүшүндө жаракат алгандардын абалынан кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги травмотология жана ортопедия борборунда дарыланууда жаткан Баткен облусундагы окуялардын жүрүшүндө жаракат алган жарандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын натыйжасында ар кандай оордуктагы жаракат алып жабыркаган жарандар менен маектешип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чек ара маселесин чечүү жана конфликтти басаңдатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

"Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси – чыр-чатакты ырбатпастан, биримдик жана тилектештикти сактоо үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз керек. Кыргыз элинин эрки ар дайым күчтүү болгон, ынтымак жана биримдик аркылуу кырдаалдан биргеликте татыктуу өтүп кете алабыз", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр маектешүүдө жабыркаган жарандарга тез арада ден-соолуктары калыбына келүүсүн каалап, ал эми медициналык кызматкерлерден аларга карай аяр мамиле кылуусун өтүндү, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1513