Sports Awards-2023: Номинациялар бекитилип, добуш берүү башталды
RU

Sports Awards-2023: Номинациялар бекитилип, добуш берүү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Topsport.kg редакциясы КРнын Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук олимпиада комитети менен биргеликте Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо "Sports Awards-2023" салтанатынын алкагында номинациялар боюнча талапкерлерди бекитти.

Белгилей кетсек, иш-чара быйыл 8-ирет өткөрүлөт. Ал үстүбүздөгү жылдын 25-декабрына белгиленди. Сыйлыктын Жобосуна ылайык, ар бир номинация боюнча жыл ичинде чоң ийгиликтерди жараткан үчтөн талапкер добушка коюлуп, добуш берүү 7-декабрдан 20-декбарга чейин орун алат. Номинациялар жана номинанттар менен төмөндө таанышып алсаңыздар болот.

Олимпиадалык эмес спорт

Мыкты спортчу айым

  • Кымбат Нуржанова (Таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиону)
  • Мираида Медетбек кызы (Самбо боюнча Азия чемпиону)
  • Аделя Асылбек кызы (Тай бокс боюнча Азия жана Дүйнө чемпиону)

Мыкты спортчу

  • Жамалбек Асылбек уулу (Самбо боюнча Дүйнө чемпиону)
  • Толубай Шукуров (Белбоо күрөш боюнча Дүйнө чемпиону)
  • Элдос Айтбаев (Таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиону)

Мыкты машыктыруучу

  • Азамат Казакбаев (Самбо)
  • Тагайбек Омуржанов (Ушу саньда)
  • Эрали Аскарбек уулу (ММА)

Олимпиадалык спорт

Мыкты спортчу айым

  • Айпери Медет кызы (Күрөш боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү)
  • Сардана Трофимова (Жеңил атлетика боюнча (Марафон) Азия оюндарынын коло медалчысы )
  • Кымбат Тойтонова (Каратэ-до боюнча Азия оюндарынын коло медалчысы)

Мыкты спортчу

  • Эрлан Шеров (Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү)
  • Тайырбек Жумашбек уулу (Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалчысы)
  • Мунарбек Сейитбек уулу (Бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалчысы)

Мыкты машыктыруучу

  • Данияр Төлөгөн уулу (Бокс)
  • Абдужалил Юнусов (Дзюдо)
  • Ислам Тазабеков (Эркин күрөш)

Паралимпиадалык спорт

Мыкты спортчу айым

  • Хайитхон Хусан кызы (Парадзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү)
  • Айтунук Жоомарт кызы (Паратриатлон боюнча Азия чемпиону)
  • Гүлназ Жүзбаева (Пара жеңил атлетика Азия оюндарынын коло медалчысы, Азия чемпионатынын күмүш медалчысы)

Мыкты спортчу

  • Жалалдин Абдувалиев (Пара жеңил атлетика Азия оюндарынын эки долку күмүш медалчысы, Дүйнө чемпиону)
  • Дастан Камчибеков (Паратриатлон боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалчысы)
  • Маматибраим Суранов (Парадзюдо боюнча Азия чемпионатынын коло медалчысы)

Мыкты машыктыруучу

  • Андрей Ханадеев (Паратриатлон)
  • Канат Имиянов (Парадзюдо)
  • Алмаз Абиров (Пара жеңил атлетика)

Сурдлимпиадалык спорт

Мыкты спортчу айым

  • Айтурган Даниярова (Дзюдо боюнча Азия чемпионатында 2-орун)
  • Шахида Амирова (Таэквондо боюнча Азия чемпионатында 2-орун)
  • Гүлжан Жаналиева (Таэквондо боюнча Азия чемпионатында 2-орун)

Мыкты спортчу

  • Смадияр Жумакадыров (Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 2-орун, Дүйнө чемпионатында 3-орун)
  • Абдрасул Исмаилов (Өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатында 1-орун)
  • Дильшат Именов (Таэквондо боюнча Азия чемпионатында 2-орун)

Мыкты машыктыруучу

  • Фархад Ушуров (Грек-рим күрөшү)
  • Дмитрий Пономарёв (Таэквондо)
  • Ильгиз Каналбек уулу (Дзюдо)

Мыкты улакчы

  • Өмүрбек Эсен уулу
  • Манас Ниязов
  • Рустам Тыналиев

Мыкты волейболчу

  • Онолбек Каныбек уулу
  • Жамалиддин Мусаев
  • Нурмухаммед Токтоев

Мыкты ММА чебери

  • Акбар Абдуллаев
  • Мыктыбек Оролбай уулу
  • Эдил Эсенгулов

Мыкты федерация

  • Бокс федерациясы
  • Дзюдо федерациясы
  • Күрөш федерациясы
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15149