Депутат жашыруун төрөөгө уруксат берүүнү демилгеледи
RU

Депутат жашыруун төрөөгө уруксат берүүнү демилгеледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл өкүлү Жылдыз Садырбаева турмуштук оор кырдаалга кабылган аял аты-жөнүн, кайдан келгенин төрөт процессине катышкан медиктерге да билдирбестен купуя сыр бойдон калтырууну сунуштады. Мыйзам долбоорунун максаты - кош бойлуулугун жашырган эненин жана ымыркайдын саламаттыгына кам көрүү.

Ал долбоорго ылайык, адистештирилген жашыруун төрөт бөлүмдөрүн ачуу сунуштады.

Наристесин ал жакка калтырып кетсе, мамлекет багып чоңойтот. Асырап алууну каалагандарга бериши да мүмкүн.

"Үйдө же жер төлөөгө төрөгөндө оор кесепеттер болушу мүмкүн. Адистештирилген бөлүмдөр баладан баш тартуунун алдын алат эле", - деди ал.

Депутат бүгүнкү күндө төрөт үйлөрү төрөттү жашыруун кабыл алуудан баш тартып жатканы белгиледи. Анын себеби мыйзам менен бекитилген регламент жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15152