Кыргыз жарандары үчүн Америкага визанын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга узартылат
RU

Кыргыз жарандары үчүн Америкага визанын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга узартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев 2024-жылдан баштап Америка кошмо штаты Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартарын айтты. Бул тууралу ал социалдык тармактагы баракчасына маалымат жарыялады.

"Буюрса, жаңы жылдан кийин кыргыз атуулдарына берилүүчү Америка кошмо штатынын визасынын мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга көтөрүлөт. Ошондой эле кыргыз жарандарынын виза үчүн болгон төлөм акысы арзандайт", - деди ал.

Аманбаев визанын баасын 205 доллардан 185 долларга арзандатууну сунштаганын кошумчалады.

"Мындан сырткары жолугушууда мен эки нерсени сунуштадым. Биринчиси, жүк ташуучу авто унаалардын айдоочуларын Кыргызстандан алып келип, сезондук иштерде иштетип, кайра Кыргызстанга жөнөтүү. Ошондой эле медайымдарды да Кыргызстандан алып келип бул жакка, анан артка жөнөтүү боюнча мыйзамдуу жол ачалы деп сунуштадым. Мунун бардыгы кошумча талкуулана турган болду", - деп белгиледи элчи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15154