Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди
RU

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталарын маалымдады. Белгиленгендей, кабыл алуу 2024-жылдын январь айына чейин уланат.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:

  • I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь;
  • II тур – 2024-жыл, 8-13-январь;
  • III тур – 2024-жыл, 15-20-январь;
  • IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.

Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.

Белгилесек, 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан, тагыраагы 110дон өттү.

Эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.

Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышып, анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: times.bntu.by.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15156