Ошто эже-сиңди ири өлчөмдө алдамчылык кылганга шектелүүдө
RU

Ошто эже-сиңди ири өлчөмдө алдамчылык кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто жасалма документтер менен үйлөрдү сатканга шектелип бир туугандар кармалды. ИИМден билдиришкендей, шектүүлөр жалпы 32 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын май айында Ош шаарынын И.А. аттуу тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызда бир тууган эже-сиңди (О.А. жана О.Ж.) Кара-Суу районунда 600 чарчы метр болгон жер тилкесинде 90,95 чарчы метр үй бар деп алуу-сатуу келишимин түзүлгөнү, жалпы суммасы 21 189 000 сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алганы айтылган. Аталган мүлк бөтөн адамга таандык экени, документтери жасалма экени билингенден кийин жабырлануучу милицияга кайрылган.

Андан тышкары Ош шаарынын М.Б. аттуу жашоочусу дагы ушундай эле арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган бир туугандар Кара-Суу районунда сатыла турган үй бар деп 11 300 000 сом алышканын айткан. Үйдүн документтери жасалма болгон.

Аталган фактылар 209-берене ("Алдамчылык") менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр 1980-жылы туулган О.А. жана 1981-жылы туулган О.Ж. тергөөгө келүүдөн баш тартып жүрүшкөн. Учурда алар тергөөгө камсыздалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15160