"Текшербей эле спираль салган". Карындагы баласынан ажыраган келин гинекологду айыптады
RU

"Текшербей эле спираль салган". Карындагы баласынан ажыраган келин гинекологду айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну Айчүрөк Майрамбекова дарыгерлердин шалаакылыгынан улам карындагы баласын жоготконун айтат. 28 жаштагы келин окуясы тууралуу Kaktus.kg сайтына айтып берип, дарыгерлер бири-бирин коргойт экен деп нааразы болду.

Айчүрөк Майрамбекова 2022-жылы үчүнчү ирет көз жарган. Төрөттөн кийин анын айызы эмнегедир 1 жылга чейин келген эмес.

"Ушул жылдын август айында айызым аз-маз келип баштады. Жашаган жерим боюнча Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы гинеколог Г.Байсопуевага бардым. Мурда деле ошол адиске барып, текшерилип жүргөм. Айызым келип баштаганын, кезектеги кош бойлуулуктан сактануу үчүн спираль койдурайын деп кеңештим. Адис ошол эле күнү шакекче түрүндөгү спираль коюп берди. Бирок мени текшерүүдөн өткөргөн жок. Эртеси күнү ал спираль түшүп калгандыктан кайра эле Байсопуевага бардым. Ал спиралдын өлчөмү туура келбей калган окшойт деп "Т" формасындагы спираль коюп берди".

Келин октябрь айында спиралдын жайгашканын билейин деп УЗИге барган, ошондо кош бойлуу экенин билген.

"Ошол учурда 3,5 айлык боюмда бар экен. Муну Г.Байсопуевага айтсам "билген жокпуз да" деп койду. Бир нече күндөн кийин кан кетип баштады. "Тез жардам" менен ооруканага түштүм. Ооруканага жалпы 3 жолу жатып чыктым.

Дарыгерлер спиралдан улам кан кетип жатат деп түшүндүрүшүп, карындагы баланын абалы, өрчүүсүү жакшы экенин айтышты. Канчалаган жеке клиникаларга барып, текшерүүдөн өтсөм "жатында спираль бар, ошондон улам кан кетип жатат" деген корутундуну беришти. Анда аман-эсен эле төрөйм деп жүрдүм", - дейт ал.

Карындагы балага 6 ай болгондо Айчүрөк Майрамбекова УЗИге дагы барат. Ошондо адистер көйгөй башталганын тез арада ооруканага кайрылуусун айтышкан.

"31-ноябрда №4 төрөт үйүнө барсам, дарыгерлер "сенден көп кан кетип калыптыр, кесарево менен баланы албасак сени дагы жоготуп алабыз, 9 айга чейин көтөрө албайсың" дешти. Чукул арада кесарево жасашты, балам чарчап калды. Жатындагы спиралды да алышты. 5 күндөн кийин ооруканадан чыкмай болдум, бирок дарыгерлер медициналык китепчеге жатындан спираль чыкканын белгилебей коюшуптур. Мен эмнеге жазбай койгонун сурасам "эмне кыласыңар аны белгилетип, азыр ансыз деле гинекологдор аз болуп жатат" деп коргоп чыгышты. Жолдошум экөөбүз дарыгерлерге "силердин үстүңөрдөн арызданабыз" деп кетип калдык. Эмне болду билбейм, кийинчерээк кайра чакырышып, "жатындан спираль чыкты" деп жазып беришти", - дейт келин.

Жабырлануучу тарап бул маселеге дарыгерди айыптап, Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылышты. Алар башкалар дагы ушундай көйгөйгө туш болуп калбасын деп гинеколог мыйзам чегинде жазасын алсын дешет.

Келиндин укуктарын коргоп жаткан адвокат Шердор Адыкапаров бул факты боюнча дарыгерге "Шалаакылык" беренеси менен иш козголушу керектигин белгиледи.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине бул окуя боюнча кайрылганыбызда, атайын комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

"Бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, ишин баштады. Жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15166