Салык кызматынын бөлүм башчысы 200 миң сом пара менен кармалды
RU

Салык кызматынын бөлүм башчысы 200 миң сом пара менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныкташты. Анын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды.

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган. Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.

Бул факты боюнча 343-берене ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө ыкчам иш-чаралардын алкагында 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У.К. кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган. Мамлекеттик кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15173