"Мага айтпай эле жатынымды алып салышкан". Төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган келиндин окуясы
RU

"Мага айтпай эле жатынымды алып салышкан". Төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган келиндин окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын тургуну Айкөкүл Куштарбек кызы ийгиликсиз операциядан улам төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калганын айтып Kaktus.kg редакциясына кайрылды. 27 жаштагы келин бул ишке акушер-гинекологдорду айыптайт.

Айтымында, 2022-жылдын декабрь айында Ош шаардык төрөт үйүндө кесарево жолу менен төрөгөн. Ал тун баласын жарыкка алып келип, энелик бакытты сезип баштаганда жагымсыз окуя болуп кеткен.

"Дарыгерлер өзүң төрөй албайсың деп кесарево жасашкан (5 миң сом сурашкан). Операция 1 саатка созулган. Мен операция ийгиликтүү болду деп бала жытын жыттап, эне болгонума чексиз кубангам. Тилекке каршы, операция ийгиликсиз болгон экен. 1-декабрда көз жарсам, 3-декабрда дем ала албай жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. 8-декабрда палатага которулдум (акы төлөнүүчү), эмнегедир дене табым түшпөй, дарыгерлер эмнеден экенин тактай албай жатышты. Жандандыруу бөлүмүндө жатканда мага ар кандай диагноздорду коюшту - эки тараптуу пневмония, кесареводон кийин тигилген жер жакшы бүтпөй калган, баш оору жана башка. Абалым начарлап, баламды карай албай медайымдар жардам берип жатышты. 12-декабрда консилиум өткөрүшүп, гинекологдор ваакуумный аспиратор менен жатынды тазалайбыз дешти. Ал кызматтын акысы 1500 сом экен. Макул болдум. Тазалаганда коюу, уюган кан чыкты. Бирок дене табым 38 градустан 39 градуска жогорулап кетти.

14-декабрда башкы дарыгердин орун басары, акушер-гинеколог Ж.Оморова жеке менчик УЗИге медайым менен барып кел деди. Акыбалымды эске алып "Тез жардам" унаасы менен жиберет экен десем такси менен же жолдошуңдун унаасы менен барып келгиле дейт. Бирок 1 эмес, 2 тез жардам унаасы короодо турган. Анысына деле кайыл болуп УЗИге барып текшерүүдөн өтсөм өпкөмдө, бөйрөктөрүмдө маселе жок экен. Жатында ириң бар, тигилген жиптер жакшы бүтпөй калган деп чыкты.

Ошол эле күнү чукул операция жасалат дешти, мен эмне болгонун сурасам эч ким, эч нерсе түшүндүргөн жок.

Операция 6 саатка созулуп, 22-декабрга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Эртеси палатага которушту, гемоглобин 60ка түшүп кетти. Жаңы төрөлгөн ымыркайды ооруканада көпкө кармаганга болбойт дешип, 26-декабрда төрөтканадан чыкмай болдум.

Үйгө чыгарыбызга 2 күн калганда жатынымды алып салганын бейтаптын дарылануусу жазылган кагаздан билдим. Операция жасаган дарыгерлер келбей, качып жатышты. Ошентип эч кимден жооп ала албай төрөт үйдөн чыктым", - дейт жабырлануучу.

Өзүнүн ден соолугу менен алышып жатып, наристени жарытып карай албагандыгын айткан келин баласына төрөт үйүндө суук тийип, эки тараптуу пневмония болуп калган. 3-январда Ош шаардык балдар ооруканасынын инфекция бөлүмүндө 1 апта дарыланып чыгышкан.

Келин дарыгерлердин иш-аракетине нааразы болуп Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган. Ал белгилегендей, кесаревону акушер-гинекологдор Г.Тагаева менен Ж.Оморова жасаган деп көрсөтүлгөн.

"Бирок мен Г.Тагаеваны төрөтканадан үйгө чыгып, январь айында таңууга барып жүргөндө эле көрдүм. Ага чейин бир да жолу көргөн эмесмин. Ошол эле айда министрликке кат жазгам, эки аптадан кийин Ош шаардык төрөт үйүнөн чалышып "сен арызданган экенсиң, бизде азыр текшерүү жүрүп жатат, тез арада кел" дешти. Төрөт үйдүн акушер-гинекологу Г.Тагаевага барып толгоом баштала электе менин уруксатымды албай туруп фолеяны салышканын (биринчи төрөт болгондуктан фолея эмне экенин билген эмесмин), эч кандай чукул кырдаал болбогонун айттым. Башкы дарыгердин орун басары Ж.Омомрова "каалаган жагыңа барып арыз жаза бер, биз бардыгын сатып алабыз" деди. "Мындай ката 100 учурдун үчөө, төртөөндө эле болушу мүмкүн, бул сенин маңдайыңа жазылыптыр" деп күнөөнү оодарып жатышты.

"Бизден ката кетип калды, кечирип кой. Бала багып алуу үчүн төрөт үйүнө каттоого тургандар бар, уулуң бар, эми 1 кыз багып алсаң болот" деди башкы дарыгер.

Бирок саламаттыгым начарлап, аптасына 4-5 жолу "Тез жардам" кызматы үйгө келип жатты, аларга рахмат. 4 ай төшөктө жаттым, калыбыма келүү узакка созулду. 10 айдан кийин текшерүүлөрдөн өтсөм кара ичегим жармашып калыптыр. Кайра эле Ош шаардык төрөт үйүнүн акушер-гинекологуна кайрылсам жыйында жүргөнүн, бошобой турганын айтып башкы дарыгердин орун басарына түрттү. Ал дагы кабыл алган жок", - деп нааразы болду.

Жабырлануучу дарыгерлердин кайдыргерлигинен кийин ушул жылдын октябрь айында укук коргоо органдарына кайрылган. 27-октябрда облустук прокуратурага, андан кийин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз жазган.

"УКМКнын борбордук аппаратына да кайрылгам, ал жактан 14 күндүн ичинде жооп беребиз дешип, 29-октябрда Ош облустук башкармалыгынан "бизге тиешелүү эмес" дешти. Облустук прокуратура шаардык көзөмөл органына жөнөттү. Ал жактан тергөө иштери аяктагандан кийин карай тургандарын айтышты. Бир канча жакка кайрылдым, "эмнеге ушунча убакыттан кийин кайрылып жатасың?" дегендер да болду. Жакында эле соттук-медициналык экспертизадан өттүм, корутундусу мени канааттандырган жок. Тергөөчүлөр деле ишти жарытарлык карабай жатат, акчаң болсо маселе чечилет экен. Айлам калбагандыктан коомчулукка чыгууга аргасыз болдум. Башкалар дагы мага окшоп жабыркап калбасын, күнөөлүү дарыгерге катаал чара көрүлсүн", - деп белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева бул маселе каралып, комиссия тиешелүү чечим кабыл алганын айтат.

"Окуя 2022-жылы катталган. Бизге 2023-жылы Айкөкүл Куштарбек кызы тарабынан кат түшкөн, өзү менен да бир нече жолу сүйлөшүп, териштирүү жүргүзүү үчүн убакыт керек экенин айтканбыз. Окуяга байланыштуу комиссия түзүлүп, кемчиликтер бар экени такталган. Дарыгерлердин атайын конференциясында кенен талкуу болуп, төрөттөн кийин бейтапты караган дарыгерге сөгүш берилген. Ал эми төрөт протоколдун негизинде жүргүзүлгөн. Ката кетирген жакка юридикалык бааны биз бербейбиз, укук коргоо органдары чечет", - дейт адис.

Экспертизанын корутундусу жана тергөө иштери

Ош ШИИБден редакциябызга билдиришкендей, жабырлануучунун милицияга жазган арызы маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даргерлердин жарым-жартылай катасы бар деп чыккан. Бирок арыз ээси экспертизанын корутундусуна макул болбой, кайрадан комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындатуу талабын койду. Ошондуктан берене менен иш козголо элек. Тергөө дагы уланат", - дешти милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: kernodle.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15177