Баткендеги окуялардын натыйжасында документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтүлөт
RU

Баткендеги окуялардын натыйжасында документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган, же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды.

"Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт", - деди Улукбек Марипов.

***

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 30-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары, барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
  • КРдин өкмөтү Баткен облусуна өзгөчо статус берүү үчүн документтерди даярдап жатышат.
  • Ташиев Кыргызстан Тажикстандан келтирген материалдык кесепеттин ордун толтурууну талап кылбай тургандыгын билдирди.
  • Көз карандысыз юристтер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу үчүн документтерди чогултуп жатышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1517