Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, унааны сүрүп кеткен. Жарандар куткарылды
RU

Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, унааны сүрүп кеткен. Жарандар куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол - Эңилчек жолунун 81-82-чакырымында кар көчкү жүрүп, жолдо бараткан унааны жолдон сайга сүрүп түшкөн.

ӨКМнын маалыматына караганда, кар көчкү 22-декабрда саат 17:00 чамасында түшкөн.

Куткаруучулар Чоң-Ашуу ашуусуна барып, тоодон болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, анын 400 метр кубу жолду каптаган. Кар көчкү Нива унаасын ашуудагы жолдон сүрүп түшкөн.

Бактыга жараша, унаанын ичиндеги эки жаран катуу жабыркаган эмес, окуянын күбөлөрү аларды унаадан чыгарып оруканага жеткиришкен. Учурда абалдары жакшы, оор жаракат алышкан эмес.

Каракол - Эңилчек жолундагы кар көчкү тазаланып, жол бир тараптуу ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15191