Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мүрзөлөрдүн бирине курал-жарак сактап жүрүшкөн
RU

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мүрзөлөрдүн бирине курал-жарак сактап жүрүшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды.

Коопсуздук комитети тараткан маалыматта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан мүрзөнүн аймагындагы мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Жашыруун жайды маркум кримавторитет Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулган.

Мүрзөдөн алынган баштыкты текшерүү учурунда ар кандай ок атуучу куралдар, тапанчалар, Калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар, ок-дарылары жана жардыргыч заттар табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15194