Талас менен Сүлүктү шаарларындагы балатылар сынга алынды
RU

Талас менен Сүлүктү шаарларындагы балатылар сынга алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылга саналуу күн калып, облус борборлорунда, шаарларда балатылар орнотулду. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы балаты жылдагыдан айырмаланып өзгөчө жасалгаланып, көпчүлүктү суктандырууда. Ал арада айрым аймактагы жаңы жылдык балатылар боюнча нааразы пикирлер айтылды.

Алсак, 25-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Бул ирет Талас шаарынын жаңы жылдык балатысына 100 миң сом бөлүнүп, анын 60 миң сому балатыга, ал эми жасалгалоого 40 миң сом жумшалды. Бирок балаты боюнча социалдык тармакта "мини юбка кийип алгандай го" деген сын-пикирлер айтылып жатат.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы балаты да талкуу жаратты. Сын-пикирлерге шаар мэри Болот Абдыжапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп жазды.

"Сүлүктүнүн балатысы жасалып бүтө электе бирөө сүрөткө тартып алган экен. Шаардыктар менен бирге жасап бүтүп, жандырып алдык. Бирок ырахмат! Жакшы пиар болду" - дейт мэр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15203