Kaktus.media Баткенге гуманитардык жардам берүүнү чечти. Силер да кошулсаңыз болот
RU

Kaktus.media Баткенге гуманитардык жардам берүүнү чечти. Силер да кошулсаңыз болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы Баткен облусунан эвакуацияланган жашоочуларына гуманитардык жардамын берип жиберди. Эвакуацияга жана тыгыз контактылардын улам, региондо коронавирус күч алышы мүмкүн. Ошондуктан, редакция индивидуалдуу коргонуу каражаттарын, беткаптарды жана электрондук термометрди берип жиберүүнү эп көрдү.

Редакция жеткирип келген гуманитардык жардам штабдын волонтерлору тарабынан катталды.

Гуманитардык жардамды кабыл алуу Спорт сарайында жүрүп жатат. Ал жактан азык-түлүк, гигиена каражаттары, дары-дармек ж.б. кабыл алынууда. Андан тышкары ӨКМдин атайын эсебине акчалай каражат которсоңуз да болот. Кошумча маалыматты 0558 98 88 88, 0705 15 13 00 телефон номерлери аркылуу алсаңыз болот.

- Жүгүңөр көп болсо "пропуск" беребиз. Эгер аз болсо, анда автоволонтерлор бар, алар өздөрү барып алып кетишет. Өз алдынча Баткенге барып, гуманитардык жардам жеткирүүгө болбойт", - деп штабдын өкүлү түшүндүрдү.

Баткендеги мекендештерибизге кыргызстандыктар жөнөткөн гуманитардык жардам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1520