"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы жаңыланат. Сүрөт
RU

"Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы жаңыланат. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароолдун кабинасы толук оңдолот. Борбор калаа башкарамалыгынан билдиришкендей, Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев гербди жана ардактуу кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен мэрияга кайрылган.

Кайрылууда бүгүнкү күндө кабинанын эскиргендиги жана гербдин сүрөтү өчүп баратканы белгиленген.

Буга байланыштуу "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан "Ала-Тоо" аянтында герб түшүрүлгөн ардактуу кароолдун кабинасын реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыяланган. Бирок сунушталган варианттар талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес.

Буга байланыштуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкекбашкыархитектура" ишканасында ыкчам тартипте "Ала-Тоо" аянтындагы ардактуу кароол үчүн жылытуу шарттары бар кабинанын жаңы дизайны иштелип чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15211