Англис тилинде билим алуунун артыкчылыктары
RU

Англис тилинде билим алуунун артыкчылыктары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адам баласынын жашоосунда билим берүү абдан маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Себеби, билим алуу ар бир адамдын өз жашоосунда ала турган эң баалуу нерселердин бири. Адамзат тарыхынын бардык мезгилдеринде, билим берүү калк арасында жогорку рейтингге ээ болгон. Анткени, адамзаттын өнүгүшү негизинен билимдүү адамдардан көз каранды. Дүйнө жана жашоо жөнүндө илимибизди билим аркылуу алып жатпайбызбы. Адамдар бир нерсени үйрөнүүгө кызыкдар болбосо, көптөгөн белгилүү ачылыштар мүмкүн болбойт эле. Адамдын талантын өркүндөтүү үчүн өзүн-өзү тарбиялоо өтө маанилүү. Өзүн-өзү тарбиялоо аркылуу гана адам гармониялуу өнүккөн инсанга айлана алат.

Ошондуктан, билим алуу адамдын инсандык сапаттарынын бардык жактарын өнүктүрөт, анын жөндөмдөрүн ачат. Мындан тышкары, адамга бул дүйнөдө туура жолду тандоо үчүн өзүн түшүнүүгө жардам берет.

Ал эми, англис тилинде билим алуу, аны билүү, өздөштүрүү бүтүндөй адамзатка чет өлкөлүк университеттерге окууга жол ачарын ар бирибиз билебиз. Чет тилинде окутуунун чеберчилигин мурунтан эле өздөштүрүп алган адамга чет өлкөдө жашап, билим алуу кыйын эмес. Бүгүнкү күндө англис тили эң пайдалуу тилдердин бири эмеспи. Англис тилинин дүйнө тили болуп жайылышы, азыркы жаштардын аны үйрөнүүсү, англис тилинде эркин сүйлөөсү көп нерсени айтып турат десек жаңылышпайбыз.

Анткени, адам баласы аны сүйлөп гана тим болбостон, ишкердүүлүктү ырахат жана пайдалуулук менен чет элдик университеттерде жагымдуу окуу жана дүйнө жүзүн кыдыруу менен айкалыштырып жатышат.

Бирок, англис тилинде билим берүү буга чейин башка деңгээлде болгондугун билбей койбойбуз. Жаңы тилди үйрөнгөн адам, ошол тилде сүйлөгөн өлкөлөргө саякат жасоону, англис тилдүү мамлекеттердин маданиятын, каада-салтын билүүнү , дегеле чет тилинде эркин сүйлөп, мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга абдан кызыкдар.

Демек, ар бир адамда Кыргызстандагы "Ала-Тоо" Эл аралык университетитинде билим алып, эл аралык атмосферага чөгүп, англис тилинде эң жогорку сапаттагы билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгилеп кетпесек болбойт. Анткени, АЭУда негизги окутуу тили болуп англис тили саналат. Орус, кыргыз жана түрк тилдери жардамчы тилдер болуп эсептелет.

Мындан сырткары кээ бир факультеттердин студенттери экинчи чет тилди тандай алышат, аларга тандоо үчүн жапон, немис, кытай, француз тилдери сунушталат.

Англис тилин билбегендер үчүн даярдоо курстары да бар. Университетти бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет. Белгилей кетчү нерсе, Университетте 30 дан ашуун чет өлкөдөн келген студенттер билим алышат. Англис тилин билүү ар бирибизге дүйнөнүн бардык булуң-бурчунун эшиктерин ачат. Тил билүү, демек көптөгөн мүмкунчүлүктөргө ээ болуу. Ал эми АЭУда ар бир билим алуучу, Кыргызстан, Түркия, АКШ, Кытай, Индиядан келген чет өлкөлүк мугалимдерден билим алып, алар менен эң мыкты мамиледе болуп, тажрыйба топтой алат деген ишенимдебиз. Андан тышкары чет элдик досторго да ээ болушат.

АЭУдан өз күчүнө ишенген, турмуш тажрыйбасына ээ болгон жана чет тилдерди этикетти мыкты өздөштүргөн заманбап, маалыматка бай, ар тараптуу жана конкуренцияга туруштук бере алган, иш жашоосуна оңой эле сүңгүп кете турган мыкты адис, кесиптин ээлери чыгат деп толук ишенебиз.

АЭУне тапшыруу шарттарын @alatoo.edu.kg сайт аркылуу же +996 555 820 000 байланыш телефон аркылуу билүүгө болот.

"Ала-Тоо" Эл аралык университети - дүйнөгө ачылган каалга.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1521