Быйыл кумар оюндарынан бюджетке 89,7 млн сом түштү
RU

Быйыл кумар оюндарынан бюджетке 89,7 млн сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы Кыргызстандагы казино ишмердүүлүгүнөн бюджетке 86,1 млн сом түштү.

Белгилүү болгондой, май айында 17 млн сом, июнда 7,7 млн сом, июлда 6,7 млн сом, августта 14,8 млн, сентябрда 12,6 млн сом, октябрда 9,9 млн сом, ал эми ноябрь айында 17,2 млн сом мамлекеттик казынага түшкөн.

Мындан тышкары букмекердик мекемелер менен тотализатордук кумарканалардан 3,5 млн сом, оюн автоматтарынан 80 миң сом салык алынган.

Жалпы кумар оюндарынан мамлекеттик бюджетке 89,7 млн сом түшкөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбеши керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15231