Жаңы жылдык майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды
RU

Жаңы жылдык майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жыл майрамына карата "Ала Тоо" аянтында өткөн майрамдык иш-чарадан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери, 6 атайын техникасы тазалоо иштерин жүргүзүштү. Мэриядан билдиришкендей, өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду, бирок таштанды 1 тоннага аз чыкты.

"Ала-Тоо" аянтынан аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет. Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты.

Ишкана тарабынан тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдиребиз", - дешти мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15240