"Абалы өтө оор". Мелис Аспековдун иниси чукул кайрылуу жасады
RU

"Абалы өтө оор". Мелис Аспековдун иниси чукул кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Активист Мелис Аспековдун инисимин деген жаран видео кайрылуу жасап, соцтармактарга бөлүштү. Ал Аспековдун абалы начар экенин айтып, үй камагына чыгарып берүү өтүнүчүн келтирди.

"Агам Мелис Аспековдун ден соолугу өтө оор. Учурда жүрөгү катуу ооруп жатат. Баарыңыздар билгендей эле 2 жыл мурда СИЗОнун кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам агам инфарктка кабылган. Ага эң чоң, татаал операциялардын бири жасалган - көкүрөк сөөгү кесилип, колунан, бутунан, көкүрөгүнөн кан тамырлар кесилип алынып, жүрөгүнө 4 кан тамыр тигилген. Кечээ жакында агамдын жүрөгү кайра ооруп, клиникага алып келсек дароо коронарография жасашты.

Текшерүүдөн кийин агамдын жүрөгүнө тигилген кан тамырдын экөө 100%га иштебей калыптыр. Дагы бир кан тамыр 50%, төртүнчүсү 30% гана иштеп жатыптыр.

Дарыгерлердин айтымында, кан тамырлар стресстен улам бүтөлүп, иштебей калган. Дагы стресс ала берсе экинчи ирет инфаркт алуу коркунучу бар экен. СИЗОго алып баргандан кийин инфаркт алып калса ооруканага алып келгенге жетишпей каласыңар дешти дарыгерлер. Урматтуу чечүүчү адамдар, сиздерге кайрылат элем. Агамды кыйнабай, үй камагына чыгарып бериңиздер. Агам эч кайда качпайт, ак экенин далилдейт. Үй камагына чыгарып бериңиздер, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушу керек экен. СИЗОго кайра алып кетпеңиздер, тергөө абагына алып кеткениңиздерди өлүмгө алып кетти деп билебиз", - дейт жакыны.

Декабрь айынын соңунда Мелис Аспеков "Бикард" жеке клиникасына жаткырылган.

Белгилесек, М.Аспеков "Массалык баш аламандыкка даярдык көрүү" беренеси боюнча айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15242