"Ала-Арча" паркындагы музей мейманкана болуп оңдолду. Видео
RU

"Ала-Арча" паркындагы музей мейманкана болуп оңдолду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Арча" жаратылыш паркындагы музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманкана болду. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Айтымында, имарат абдан кейиштүү абалда болгон.

"Президентибиздин жеке демилгеси менен "Ала-Арча" паркында акыркы жылдары бир топ иштер жасалууда. Бул жумуштар 2024-жылы дагы уланат.

Тактап айтканда, паркыбыздын экологиясын сактоо максатында кийинки жылы парктын ичине автоунаа киргизилбейт.

Бирок коноктор үчүн бардык шарттар түзүлөт. Парктын кире беришине 5000 машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген унаалар алынат", - дейт ал.

Туманбаев кошумчалагандай, парктын кызматкерлеринин айлык акылары жогорулайт, демилгени президент өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерге кам көрүүгө багытталат деп белгиледи президенттин иш башкармалыгынын башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15244