Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт
RU

Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңеште демилгеленет деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.

"Демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз", - деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, Кыргызстандын интернет айдыңында, эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору алгач, коомдук талкууга чыгып, андан соң депутаттар карай турганы боюнча маалымат тараган.

Кыргызстанда эки аял алууга уруксат берген мыйзам долбоору даярдалып жатканы тууралуу Интернетке тараган маалыматты УТРКнын айрым кызматкерлери да социалдык тармактагы баракчаларына бөлүшкөн.

Бул кабардан кийин коомчулук терс ойлор айтыла баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15258