Уурдалган Айзада Канатбекова зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөнүн экспертиза аныктады
RU

Уурдалган Айзада Канатбекова зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөнүн экспертиза аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уурдалган Айзада Канатбекова зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөн, мындай корутундуну экспертиза чыгарды. Бул тууралуу сотто Айзада Канатбекованын жакындарынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

"ИИББ уурдалган Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп бүтүп, сотко жөнөттү. Каза болгон Замирбек Тенизбаев адамды ала качып, зордуктап анан өлтүргөн, деп айыпталды. Иликтөө аныктагандай, Айзада каршылык көрсөткөн. Бул тууралуу анын колдорундагы, бетиндеги жана буттарындагы көгөргөн эти жана сыйрылып калган териси күбөлөндүрүп турат", - дейт адвокат.

Кылмыштын калган беш катышуучусу артынан оор кесепетке алып келген адам уурдоону ишке ашырган, деп айыпталууда.

"Тергөөчү ишти сотко жөнөтүүгө өто шашкан. Укук коргоочу органдардын карамагында дагы бир ай убакыт бар болчу. Тергөө так жооп бере албаган дагы көп суроолор жоопсуз калды. Мисалы, өлүмдүн убактысы аныкталган эмес. Бул ишти соттук-медициналык экспертиза жасаш керек болчу, ал аны жасаган эмес жана аны эч ким суракка алган жок", - деди адвокат.

Токтакуновдун айтымында, бул ишке милиция дароо толук масштабдуу издөө иш чараларын уюштурган, деген фальсификацияланган документтер тиркелген.

  • 5-апрелде 07:30, 26-жашар Айзада Канатбекованы Бишкектен, Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдашкан. Ала качуу учуру видеого тартылып калган. Болжол менен ала качууга үч адам катышкан.
  • 5-апрелде, саат 12:00ден кийин Айзаданын апасы милицияга кайрылган.
  • 6-апрелде Айзаданын туугандары ММКларга кайрылып жардам сурашкан.
  • 7-апрелде малчы изделип жаткан Айзаданы жана Замрдин сөөктөрүн талаада, ылайга тыгылып калган унаанын ичинен тапкан.
  • 8-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында Айзданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1526