Элмирбектин шакирттери эскерүү кечесинин алдында эки жаатка бөлүндүбү? Тараптардын пикири
RU

Элмирбектин шакирттери эскерүү кечесинин алдында эки жаатка бөлүндүбү? Тараптардын пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын, комузчу, обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт. Иш-чара төкмөнүн туулган күнүнө карата уюштурулууда.

17-январга белгиленген эскерүү концертине Э.Иманалиевдин айрым шакирттери катшыпай туурганы маалым болду. Бул тууралуу республикалык "Айтыш" коомдук фондунун мүчөсү, төкмөлүктүн даңгыр жолунда келе жаткан Арген Биймырза уулу айтып чыкты.

"17-январь улуу устатым Элмирбек Иманалиевдин туулган күнү. Бул күнү устатымды эскерип, ичке толгон сагыныч, кусалыгыбызды аз да болсо таркатып алчу элек. Ичибиздеги бөксө жерди эч нерсе толтура албайт, болгону бир аз каниет кылып калчубуз.

Быйыл да устатымды эскерүү концерти өтөт. Бирок бул ирет Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абасбекова жана мен тилекке каршы катышпай калдык. Бул Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими", - дейт ал.

Kaktus.kg сайты концерттен четтетилген акындар менен байланышып, пикир алууга аракет кылдык. Чалууларга Акматбек Султан уулу жооп берип, бирок оюн айтуудан, комментарий берүүдөн карманды.

Ал эми Арген Биймырза уулу пикирин ачык айтып берди. Элмирбек Иманалиевдин шакирти мындай чечимди кабыл алууга эмне себеп болгонун так билбейбиз дейт.

"Жаңы жылдан кийин концертке даярдык көрүп баштайлы, программа кандай түзүлдү деп таанышканга барганбыз. Бизге даярдык 2 ай мурда башталганын, бешөөбүз концерттик программага киргизилбегенибизди айтышты.

Себебин сураганыбызда так жооп беришкен жок, "идеологиябыз туура келбейт, жөн эле силер менен чыгууну каалабайбыз" дешти. 1 сааттай сүйлөшүп, талкууладык, бирок алар ойлорунан кайткан жок.

Биз деле Иманалиевдин шакирттерибиз, катышалы десек "өзүңөрчө өткөрө бергиле" дегендей сөздөрдү айтышты. Ушундай чечим кабыл алынгандан кийин элге ачык айтып койгонду туура көрдүк. Анткени Элмирбек Иманалиевдин айрым шакирттери эскерүү иш-чарасына келбей койду, сыйлабастык кылды деген ой жаралбасын дедик. Биз кайда жүрсөк дагы Элмирбек Иманалиевдин шакирттерибиз, устатыбыздын атына так түшүрбөйбүз. "Элмирбектин шакирти" деген аттын жоопкерчилиги чоң экендигин өмүр бою ыйык сезебиз", - деди төкмө.

Бул айтылгандар боюнча экинчи тараптын оюн билдик. "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов жогоруда аты аталган беш төкмө тең концертке катышарын билдирди.

"Устатыбыз Элмирбек Иманалиевдин бардык шакирттери концертке катышабыз. Ал маселе боюнча баары такталды. Биз эскерүү кечесинин жарнамасын да чыгардык. Анда аты аталып, көрсөтүлгөн бардык төкмө акындар сахнада болот. Иш-чара баягы эле филармонияда, баягы эле сахнада, баягы эле шакирттери - баарыбыз катышабыз буйруса", - дейт.

"Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун афишасында жалпы 11 акын көрсөтүлгөн. Арасында Арген Биймырза уулу, Акматбек Султан уулу, Изат Айдаркулова бар. Бирок Арген Биймырза уулу афиша эски экенин белгилейт.

"Ал афиша эски. Балким кайра өз ара сүйлөшүп, кошсо кошкондур. Бирок бизге эч нерсе айтышкан жок", - дейт.

Азырынча Изат Айдаркулова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыз Абасбекова менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, кыргыз, казакка таанымал ак таңдай акын 2020-жылы 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15283