"Мага кайрылгыла". Президент бизнес чөйрөнү 1 жыл бою текшерүүгө тыюу салды
RU

"Мага кайрылгыла". Президент бизнес чөйрөнү 1 жыл бою текшерүүгө тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бизнес чөйрөнү текшерүүгө убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул туурасында президент Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Жарлыкка ылайык, ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары).

"Бул чара - бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла. Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз", - деп айтылат анда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15284