Ири мыйзамсыз коммерциялык объектилер бузулат. Орунтаев Мамкурулуштун пландары жөнүндө
RU

Ири мыйзамсыз коммерциялык объектилер бузулат. Орунтаев Мамкурулуштун пландары жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылы Мамкурулуш мыйзамсыз курулган коммерциялык имараттарды бузууну баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун башчысы Нурдан Орунтаев бүгүн, 12-январда Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын айтымында, январь айынын башында мыйзамсыз курулган коммерциялык имараттардын маселесин чечүү үчүн комиссия түзүлгөн. Кеп ири объектилер жөнүндө болуп жатат.

"Жакынкы аралыкта кээ бир ири объектилерди бузууга аргасыз болобуз. Азырынча алар кандай объектилер экенин жана кайда экенин айтпай эле коёюн. Бул олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Эл нааразы болуп, мамлекеттик органдар дагы эскертишти. Мыйзам бузуулар боюнча, бирок маселе чечилген жок. Январдын башында жаңы комиссия түзүлүп, бул боюнча иш алып барууда. Белгилүү талаптар бар. Эгерде менчик ээлери аларды аткарбаса, анда аны бузууга туура келет", - деди Орунтаев.

Эске сала кетсек, буга чейин мэрия ЦУМдун кире бериш жерлерин сүрдүрө баштаган. Ал кезде вице-мэр болуп турган Нурдан Орунтаев мыйзамсыз элементтерди бузуу башка соода борборлоруна дагы тиешелүү экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15302