Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги мектептердин абалы менен жеринен таанышты
RU

Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги мектептердин абалы менен жеринен таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кечээ Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, министр Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, А. Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту.

Андан ары Бейшеналиев Баткен районуна барып, №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон качкындар менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарт менен таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылындагы М. Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж. Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын өз көзү менен көрүп чыкты.

Министр Баткендеги сапарын улай Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Ошондой эле болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан "Максат" орто мектебинин жана "Сейтек-Максат" балдар бакчасынын абалы менен таанышты.

Эске сала кетсек, куралдуу кагылышуу маалында Максат айылындагы "Максат" орто мектеби талкаланып, жараксыз абалга келген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Бейшеналиев белгилегендей, мектепти кайра оңдоо иштери жакынкы убакта башталат, жаңы окуу жылынын башында балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүлөт, деп Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1530