Баткен облусуна өзгөчө статус берүү. Мыйзам долбоор эмнелерди эске алат?
RU

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү. Мыйзам долбоор эмнелерди эске алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралып жаткан "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун деталдары белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча, Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.

2021-жылдын 2-апрелинде аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы 178 токтому менен толукталып иштелип чыккан жана жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кезексиз тартипте киргизилген.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

  • өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

  • өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;
  • жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
  • 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1531