Баткендеги окуялардан улам документтерин жоготкон жарандарга документтер акысыз жасалат
RU

Баткендеги окуялардан улам документтерин жоготкон жарандарга документтер акысыз жасалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынын кесепетинен документтерин жоготкон жарандарга документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыра баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Ордунда, документтерге муктаж жарандардын тизмелери түзүлүп жатат. Иш-аракеттердин алгоритми бир нече этаптан турат: жарандарды калктын бирдиктүү реестринин тутумунда тактоо, архивдик материалдар менен иштөө жана эң акыркысы жаранды документтештирүү.

Баткен областынын Лейлек районун айылдарын кыдыруунун жыйынтыгында, көптөгөн жабырлануучулардын жанында документтери бар экендиги аныкталды. Бирок, документтерин жоготуп алган жарандар да бар.

Учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына көчмө мобилдик топ тартылып, жабырлануучуларга жеринде документтерди даярдап берүү боюнча арыздарды кабыл алып жатышат. Жарандарды документтештирүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык: Баткен жана Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.

Жабыркаган жарандар Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин эсебинен акысыз документтештирилет, деп ведомоство тараткан билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1532