"Берекет универсал" соода борборунун директору кармалды. УКМКнын маалыматы
RU

"Берекет универсал" соода борборунун директору кармалды. УКМКнын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК "Берекет" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Бегалиевди кармады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, ал соодагерлерге карата алдамчылык кылган деп шектелүүдө.

Бүгүн, 19-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен "Берекет" базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директорунун кармалышы боюнча маалымат берди.

Анда чарба жүргүзүүчү субъекттерге жагымдуу шарттарды түзүү жана соода борборлорунун ижара акысын төмөндөтүүнүн алкагында "Берекет Гранд" жана "Берекет Универсал" соодагерлерине карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталган деп айтылат.

2017-жылдан азыркы убакытка чейин "Берекет" ЖАКтын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж. алдамчылык аракеттерди жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө кирип, ижарачыларды укук белгилөөчү документтерди бербестен соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу/сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан,. Коммерциялык жайлардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 долларга чейин болгон.

Мынтан тышкары ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө, ЖАКтын администрациясы жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган. Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынганы такталган дешет комитеттен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 19-январда соода аянтын ижарага берүү жана сатуу үчүн алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө акча чогулткан деп "Берекет" ЖАКтын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана президенти А.И.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15346