Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта аялын сабаган деген киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, токмоктолгон келин ооруканага түшкөн.

Окуя 17-январда Көк-Арт айыл аймагында болгон. Анда 49 жаштагы киши ачуулукка алдырып, аялын токмоктоп, бөлмөдө турган балка менен желке тарабына уруп денесине жаракат келтирген. Келин Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон метериалдар 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган киши өзүнүн көрсөтмөсүндө ошол күнү аялы баласын урганын, ага ачуусу келип колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин билдирген. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен күйөөсүнүн бутуна урганда, балканы тартып алып, кайра аялынын желке тарабына ургандыгын айткан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялынын алсыздыгынан пайдаланып, окуя болгон күнгө чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендиги, бирок аялы эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15350