Оштогу өзбек диаспорасы Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөттү
RU

Оштогу өзбек диаспорасы Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы өзбек диаспорасынын өкүлдөрү, бизнесмендер жана жарандык активисттер Баткен облусундагы чек ара конфликтисинен жабыркаган жарандарга 2 млн сомго гуманитардык жардам жөнөтүштү.

Жардамды жөнөтүү иш чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да катышты. Ал бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.

Белгилүү болгондой, жардам катары азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, дары-дармек, жууркан-төшөктөр жөнөтүлгөн. Андан сырткары кайрымдуулук кылгысы келгендер атайын эсепке акча которуп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1535