Жерүй алтын кени иштеген Бекмолдо айыл өкмөтүндө бир күндө үч мекеме ачылды
RU

Жерүй алтын кени иштеген Бекмолдо айыл өкмөтүндө бир күндө үч мекеме ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 19-январында Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой айылында жаңы маданий-спорт комплексинин, 30 орундуу кийим тигүүчү цехинин жана реконструкцияланган айыл музейинин ачылышы болуп ѳттү. Иш чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

1927-28-жылдары курулган "Көк Арык" орто мектебинин алгачкы имараты "Айыл тарыхы" музейи болуп реконструкцияланды. Капиталдык ромонттоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 6,3 миллион сом бѳлүнгѳн.

Ошол эле Кара-Ой айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 43,2 миллион сомго маданий спорт комплекси курулган. Волейбол, кичи футбол, баскетбол менен машыгууга жана башка спорттук-маданий иш чараларды ѳткѳрүүгѳ бардык шарттар каралган.

Муну менен катар аталган айылда кийим тигүүчү ишкана ишке кирди. Ишкана инвесторлор тарабынан курулган. Жерүй кениндеги жумушчулардын атайын кийимдерин тигүүчү "Айко Сейко" фабрикасына кенди иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын жетекчилиги тарабынан жергиликтүү аймакка кийим тигүү цехин ачуу сунушталганын компаниянын өкүлү Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында, "Альянс Алтын" компаниясы жергиликтүү аймактын өнүгүшүнө жана тургундардын иш менен камсыз болушуна кызыктар.

Салтанаттуу ачылышка катышкан КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети эл муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканын айтты. "Бекмолдо айыл өкмөтүнө каржылык чоң колдоо бул "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан болот.

"Салыктар жана жергиликтүү аймакты жакшыртуу боюнча атайын которуулардын эсебинен айыл өкмөттүн казынасы толукталып турат. Ачылган мекемелер элибиз үчүн кызмат кылат деп ишенебиз. Бир күндө үч чоң ачылыштын болушу менен 2024-жыл жакшы башталды", - деди облус жетекчиси Дарданов.

Эске сала кетсек, Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы салыктардан тышкары "Алтынды иштетүүдөн түшкөн каражаттан 2% өлчөмүндө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата" беренеси боюнча бүгүнкү күнгө карата Бекмолдо айыл аймагына өнүктүрүү фондуна 216,4 миллион сом которгон. Ушул эле берене менен Талас облусун өнүктүрүү фондуна 540,9 миллион сом, Талас райондук өнүктүрүү фондуна 324,5 миллион сом которгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15360