Экс-Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн отставкасы боюнча комментарий берди
RU

Экс-Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн отставкасы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-майда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн составы жана министрлер кабинети жаңыланганына байланыштуу кызматынан бошотулганы белгилүу болду.

Билим берүү минитсрлигине Болотбек Купешов жетекчи болуп дайындалды. Купешов - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун экс-акими.

Бейшеналиев аны менен 2020-жылдын 13-октябрынан бери бирге иштешип келгендерге ыраазычылыгын билдирди.

"Саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле, пандемияга байланыштуу окуу процесси 100% онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим", - деп ал эскертти.

Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим,илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду.

Экс-министр өлко жетекчилерин, өкмөттүн мүчөлөрүн, эл аралык уюмдарды, элчилерди, журналисттерди жана эң башкысы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

"Мага кабатыр болуп, пикир билдирип жаткан, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын. Жумушка байланыштуу кимдир бирөөнүн жүрөгүн ооруткан болсом кечирим сурайм. Өлкөбүз гүлдөп өссүн, ылайым тынчтык гана өкүм сүрсүн", - деп Бейшеналиев сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Билим берүу министри 2020-жылдын 13-октябрында кызматына дйындалган. Ал педагогика тармагындагы адис, илимий даражасын Германиядан алып, чет өлкөдө сабак берчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1539