Кардар талашышат! Аялдамага жетпей, тилкени жаап токтогон автобус айдоочулары жазаланат
RU

Кардар талашышат! Аялдамага жетпей, тилкени жаап токтогон автобус айдоочулары жазаланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги автобустар жана маршруттук таксилер жасалма авто тыгындарды пайда кылууда деп айтууга болобу? Көпчүлүк учурда, алар аялдаманын башына жетпей токтоп, аялдаманын өзү бош калат. Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев бул маселе орчундуу экенин да моюнга алат.

Маршруттук таксилерди айдап жүргөндөр азыр автобус айдап жатышат

Тилек Исаев Бишкектеги коомдук траспортторду ирээтке келтирүү, авто тыгындарды азайтуу максатында маршруттук каттамдарды азайтып, автобустардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады. Ал мурунку кичи автобустардын айдоочулары автобус айдоого өтүп, көнгөн адатынча автобустарды да эреже бузуу менен айдап жатышат деп эсептейт.

"Шаар ичиндеги маршруттук такси каттамдарын кыскартып, ордуларына автобустарды киргизип жатабыз. Ошол автобустун айдоочулары мурдагы микроавтобустарды айдап жүргөн айдоочулар. Бүгүнкү күндө автобус айдоочулары кичиавтобустарды айдап, эрежелерди дагы бузуп, аялдамаларга кирип токтобой, ушундай терс көрүнүштөгү жагдайларды жаратып жатат", - дейт ал.

Алар кардар талашышат

Маршруттук таксилердин айдоочулары бири-биринен кардар талашып, бири-бирине жол бербей келишсе, эми автобустардын айдоочулары да дал ошол эрежелерди бузуп жатышат. Айрым учурда алар катуу айдаганы үчүн кайгуул кызматына коомдук транспорттун ичинен жаракат алган жарандар кайрылып жатышат.

"Кичи автобустарды айдап, көчөнүн каршы тилкесине чыгып, кардар талашып көнүп калган айдоочулар, бүгүнкү күндө автобусту дагы ушундай көз караш менен айдап жатат. Биз жол кырсыктарын каттоодо дагы бизде автобустан кулап, жаракат алгандар бүгүнкү күндө катталып жатат. Анткени, бул автобусту кичи автобустай айдап, катуу келип, токтогон учурда адамдар кармап турган кармагычтарга алдары келбей, кулап жаткан учурлары бар", - деп кошумчалады Исаев.

Аяламага тартип менен токтобогондорго айып пул салынат

Мындай учурда аялдамаларга эреже менен токтобой, башка унааларга, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан коомдук транспорттун айдоочуларына айып пул салынат. Анын өлчөмү 1000 сомдон 3000 сомго чейин белгиленген.

"Айып протоколдорду жазып жатабыз. Айып пул бул учурда: жарандарды аялдама жок жерде түшүрүп жаткандар болсо - 3000 сом айып төлөнөт. Ал эми аялдамага жетпей токтой турган болсо, токтоосуз эрежелерин бузганы үчүн 1000 сом айып салынат", - деп Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев маршруттук таксилердин жана автобустардын айдоочуларын эреже бузбоого чакырды.

Буга кошумча таксисттер. Алар дагы аялдамалардын четиге дээрлик бир жол тилкесин жаап, туруп алгандар Бишкекте көп кездешет. Көбүнчө мындай көрүнүштөр базарга жакын аялдамаларда орун алат. Мындай терс көрүнүштөгө күбө болсоңуздар шаардык милициянын кайгуул кызматына кайрылсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15402