Лебединовка айылындагы дүкөндүн жанынан кыз ала качып кетишти. Милиция ага издөө жарыялады
Лебединовка айылында белгисиз адамдар кыз ала качып етишкен. Бул тууралуу Kаktus.media редакциясына Чүй облусунун ИИБси билдирди.
Белгилүү болгондой, 6-май күнү болжол менен саат 02:00до Аламүдүн районунун ОИИБсине 2001-жылы туулган К.Ф арызы менен кайрылып, анын эжесин Лебединовка дүкөнүнүн жанынан ала качып кеткендерге карата чара көрүүнү суранган.
"Белгисиз адамдар эжем К.И.ни "Тайота-Камри" унаасына салып кетишти. Учурда кайсы жакта экени белгисиз", - деп арыз берүүчу билдирген.
Бул акт катталып, ыкчам-иликтөө иш чаралардын алкагында шектелүүчүнүн өздүгү аныкталды. Учурда шектелүүчу жашаган дарек боюнча милиция кызматкерлери чыгышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1540