Чек арадагы Арка айылы үчүн алты май куюучу жайдын канчалык зарылчылыгы бар?
RU

Чек арадагы Арка айылы үчүн алты май куюучу жайдын канчалык зарылчылыгы бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-майда парламентте салыктар тармагындагы суроолор каралып жатат. Маалыматты Салык кызматынын жетекчисинин орун басары Адилет Дубанаев берди.

Депутат Шайлообек Атазов салык жагынан чек арага чектеш райондордогу май куючу жайлардын ишмердүүлүгү кандайча көзөмөлдөнөт, деп кызыгып сурады.

"Лейлек районунун Арка айылында алты заправка бар экен. Бир айылга ушунча май куючу жайдын канчалык зарылчылыгы бар? Ал жерде кандай салык саясаты жүрөт? Тажикстанга май жеткирүү маселеси боюнча алар менен иш жүргүзүлөбү?", - деп депутат сурады.

Дубанаев суроолорго жооп бере алган жок. Ал бул кызматка бир жума мурун дайындалганын айтып, Арка айылындагы май куючу жайлар боюнча маалыматты тактап кийинчерээк жооп береээрин убада кылды.

Эске салсак, Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынан эң көп зыян келтирилди. Анын ичинде Арка айылында 10 заправка жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1543