Кытай элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды. Сүрөт
RU

Кытай элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине таандык унаа жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Кайгуул кызмат башкармалыгынан редакцияга билдиришти.

Бүгүн, 1-февралда Чыңгыз Айтматов проспектисинде (Россиянын элчилигинин жанында) эки унаа сүзүшкөн. Унаалардын бири - BMW X5 Кытайдын элчилигине таандык.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жагдайлары такталып, кошумча маалымат берилерин айтышты.

Белгилесек, кырсык болгон жерде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15449