Баткенде чөө 3 адамды тиштеп, мал-жандыкка кол салган
RU

Баткенде чөө 3 адамды тиштеп, мал-жандыкка кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Апкан айылында 3 жаранды чөө бөрү тиштеп, алар ооруканага кайрылышкан. Буга байланыштуу эпидемияга жана эпизоотияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын чукул отуруму өттү дейт президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.

Маалыматка караганда, окуя 30-январда болгон. Ооруканага кайрылган жарандарга кутурмага каршы вакцина дайындалып, эмдөө алууда. Бүгүнкү күндө үч жаран тең дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык.

Чөө бөрү ошол эле күнү жок кылынган. Ал үч жарандан сырткары бир канча мал-жандыкка да кол салган. Мындан улам кутурма оорусунун алдын алуу максатында жабыркаган жаныбарлар жок кылынды.

Облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги астында өткөн жыйында тийиштүү жетекчилерге облустагы эпидемиологиялык абал боюнча тапшырмалар коюлду.

Учурда аймакта элге түшүндүрүү иштери жүрүп, ветеринардык кызматкерлер тарабынан иттерди атылып жатканы белгилүү болду.

Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кампасында кутурмага каршы тийиштүү дары дармек жетиштүү.

Отурумдун жыйынтыгы менен тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар коюлду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15471